Болгария Республикасынын президенти Румен Радев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду Болгария Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады. Билдирүү мамлекет башчысынын сайтына жарыяланды.
«Ушул салтанаттуу күнү мен кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү жана элдерибиздин, мамлекеттерибиздин ортосундагы байланыштардын өз ара пайдалуу өнүгүшүн кааларымды билдирүүгө кубанычтамын.
Сизге чың ден соолук жана жогорку жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалап, менин эң жогорку урмат-сыйымды кабыл алыңыз”, - деп айтылат Румен Радевдин куттуктоосунда.