"Чечме" өткөрүү постундагы жол кырсыктан жети киши көз жумду

"Чечме" өткөрүү постундагы жол кырсыктан жети киши көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 14 адам жаракат алган. Кырсык болгон жерде беш киши көз жумган, экөө ооруканага алып бара жатканда жолдо каза болгон. Жабырлангандардын ичинен эки адам медициналык биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген.

Эскерте кетсек, бүгүн Баткен облусундагы өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаа токтой албай топтолгон адамдарды жана токтоп турган унааларды сүзүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан