Бишкекте мамлекеттик ишмер Темирбек Кошоевге арналган көргөзмөлөр сериясы өтүүдө

Улуттук тарых музейинде “Доордун фонундагы портрет” аттуу көргөзмөлөр сериясы өтүүдө. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмө мамлекеттик ишмер Темирбек Кошоевге арналган.

"1981-1987-жылдары Кошоевди "Биздин президент" деп аташкан: ал Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, ошол эле учурда Президиумдун төрагасынын орун басары болгон", - деп жазылган маалыматта.

Иш-чарада Кыргыз өлкөсүнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова төмөнкү демилгелерди көтөрдү:

- Т.Кошоевдин атын түбөлүккө калтыруу: борбор калаанын бир көчөсүнө ысымын ыйгарып, бюстун тургузуу;

- Көргөзмөнү туруктуу негизде уюштуруп туруу;

- Улуу жана кичүү муундардын жолугушуусу аркылуу муундардын диалогун түзүү;

- Темирбек Кошоевдин өмүр баянын мектеп программасына киргизүү

"Темирбек Кудайбергенович бүт өмүрүн элдин, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө арнаган.

Ал кунт коюп угууну билген, айтылган ойду адаттан тыш тез түшүнгөн. Ал кыскалыкты, ойдун ачыктыгын жакшы көрчү, мамиледе ак пейилдик менен адептүүлүктү баалап, жогорку жоопкерчиликти, тартипти талап кылган.

Темирбек Кудайбергенович кадрларга ар дайым урмат-сый жана ишеним менен мамиле кылган", - деп эскерди коомдук ишмер Алмаз Усувалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан