Бишкектин ЖЭБ-2 аймагында террорчуларды кармоо операциясы өттү

Бүгүн, 24-майда Бишкектин ЖЭБ-2 аймагында террорчуларды кармоо боюнча окуп-машыгуу өткөрүлдү. Атайын даярдалган антитеррордук операцияда кылмышкерлерди колго түшүрүү сценарийи көрсөтүлдү.

Тактап айтканда, террорчулар барымтага алган киши менен ЖЭБ-2 аймагына кирип келишти. "Альфа" атайын багыттагы бөлүктүн аскерлери кылмышкерлер менен сүйлөшүү аракетин көрүшүп, жыйынтык болбогонунан ыкчам штабдын чечими менен штурмалоого өтүштү. Террорчуларды колго түшүрүү операциясында тик учак да колдонулду.

Күч кызматкерлери барымтага алынган жаранды куткарып, террорчуларды колго түшүрүштү. Ал эми кылмышкерлердин унаасынан колго жасалган жардыруучу зат табылып, жок кылынды. Бул операцияга куткаруучулар, "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери да тартылып, алар куткаруу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү иштерин чагылдырып беришти.

"Өз ара аракеттенүү-2022" аталышындагы иш-чара Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен биргеликте уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан