Жогорку Кеңеш УКМКга жарандардын үнүн угуп, көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген мыйзамды колдоду

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКга элдин үнүн угуп, жеке менчикке жашыруун камераларды орнотууга уруксат берген “Контрчалгындоо иши жөнүндө” мыйзам долбоорун колдошту.

Жыйында төмөнкү мыйзамдар кабыл алынды:

  • “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
  • “Контрчалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
  • “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
  • “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
  • “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору.

Мыйзам долбоолору үчүнчү окууда кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан