Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев май айынын аягында, тагыраагы, 28 же 29-майда Кыргызстанга кайтып келет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Буга чейин министр Бейшеналиев иш сапары менен Германияда жүргөнүн билдирген. Андан соң 22-май күнү Швейцариянын Женева шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында өткөн жөө жүрүшкө катышканы маалым болгон.