Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна которулду

Бүгүн, 25-майда абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкина социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, сот Атамбаевдин ден соолугунун начарлаганына байланыштуу медициналык кароодон өткөрүү өтүнүчүн канаттандырган.

"Алмазбек Атамбаевди коркунучтуу кылмышкер катары конвойдун коштоосунда алып келишти", - деп жазды Карамушкина.

Эске салсак, 18-апрелде абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылында жайгашкан түзөтүү колониясына которулган.

23-мартта Алмазбек Атамбаевди суукта ич кийимчен күч менен сотко алып келгендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген. Өз кезегинде Жазаларды аткаруу кызматы Алмазбек Атамбаевге карата күч колдонуу мүмкүн эместигин билдирген. Бирок 25-мартта Кыйноолордун алдын алуу борбору Алмазбек Атамбаевдин колдорунан жана буттарынан көк ала тактар табылганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан