Социалдык тармактарга мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу жайылып, учурда коомчулуктун кызуу талкуусун жаратууда.
Колдонуучулар бул окуя Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте болгонун жазышууда.
Интернет колдонуучулары мугалим туура кылгандыгын айтып, окуучуну күнөөлөп жатышса, айрымдары кандай болгон күндө да мугалим кол көтөрүүгө укугу жок экендигин жазышууда.
Милициядан азырынча окуя тууралуу маалымат бере элек.