Бүгүн, 26-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий иш сапары менен Бишкекке келди.
Казак лидери менен президент Садыр Жапаровдун расмий жолугушуусу "Ала-Арча" резиденциясында орун алды. Анда Казакстандын президентин салтанаттуу түрдө тосуп алып, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.
Учурда өлкө лидерлери жабык форматтагы сүйлөшүүгө кирип кетишти.