Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев биргелешкен билдирүү жасашты. Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 26-майда Бишкекте орун алды.
Мамлекет башчылар алгач тар чөйрөдө, андан соң кеңири форматта сүйлөштү.
"Биздин өлкөлөр ортосунда саясий карама-каршылык жок экенин белгилеп кетким келет. Бүгүнкү сүйлөшүүбүз дайымкыдай эле достук, союздаштык мамилелер жөнүндө болду. Чек ара, товарларды, жүктөрдү ташуу боюнча болду. Казакстанда Кыргызстандын маданий иш-чаралары өткөрүлөт. Андан тышкары 2023-окуу жылында коңшу өлкөнүн жогорку окуу жайларында квоталык орундары көбөйтүлөт. Жыйынтыгында биргелешкен билдирүүгө кыргыз тарап канааттанганын белгилейм", - деди Жапаров.
Ал эми казак президенти жогорку деңгээлдеги тосуп алууга жана сүйлөшүүгө ыраазычылыгын билдирди.
"Биз актуалдуу маселелерге токтолуп, аны чечүү жана ишке ашыруу боюнча сүйлөштүк. Садыр Нуркожоевич айткандай, биздин өлкөлөр ортосунда саясий карама-каршылык жок. Казакстан тараптан бардык тиешелүү жардамдар көрсөтүлөт.
Казакстан 15 жыл ичинде Кыргызстанга 1 миллиард доллардан ашык каражатты инвестиция кылды. Кыргызстандын биздин өлкөгө экспорттой ала турган өндүрүмдөрү бар. Бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу керектигине токтолдук. Кыргызстандагы инвестициялык абал турукташа баштаганына кубанычтабыз.
Суу энергетика тармагындагы маселеге да токтолдук. Андан тышкары Ысык-Көлдөгү күн энергиясын өндүрүү долбооруна казак тарап 300 миллион долларга инвестиция кылат", - деди Токаев.
Жалпысынан 10дон ашык келишим, меморандумга кол коюлду. Тагыраагы, Кыргызстандын Ош, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы президентттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү коңшу өлкөнүн Жамбыл, Түркестан облустарынын губернаторлору менен ынтымак келишимдерине кол коюшту. Андан тышкары айыл чарба, соода жана өнөр жай, билим берүү жана илим, юстиция, тышкы иштер министрлери Казакстандын мамлекеттик органдары менен кызматташуу, биргелешкен аракеттенүү боюнча макулдашууга, келишимге жана долбоорго кол коюшту. Соңунда Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев расмий иш сапары менен Бишкекке келип, коңшу өлкөнүн президентин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган.