"Кызым жакшы окуйт". Сузакта мугалим тарабынан сабалган кыздын апасы үн катты (видео)

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сабалган окуучунун апасы окуянын чоо-жайы боюнча билдирүү жасап, эч кимге дооматы жок экенин айтты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Анын айтымында, 23-май күнү кызынын мектептен сөйкөсү сынып, бети кызарып келгенин байкаган.

"Мен кызымдын класс жетекчисине телефон чалсам, аны сабаган мугалим үйүңүзгө барат деди. Ал мугалим үйүмө келип, өзүн эмоцияга алдырып койгонун айтты. Ошол күнү кызым менен мугалимдин кызы экөө урушуп кеткен экен. Кызым мугалимден кызын көзөмөлгө алууну сураныптыр, ал эми мугалим аны "сволочь" деп урушкан экен. Мугалим кызымды бир гана жолу жаакка чапканын айтып, кечирим сурады. Мен кабыл алдым. Ошентип ал үйүнө кеткен. Бирок эртеси WhatsApp тиркемеси аркылуу видео келди. Ошондо гана эмне болгонун көрдүм, ага чейин мага кызым да эч нерсе айткан эмес", - деди ал.

Сабалган кыздын апасы окуянын чоо-жайын тактоо үчүн мектептин директоруна барганын айтты.

"Директор дагы кечирим сурады. Андан соң ата-энелердин чогулушу болду, анда дагы директор жалпы ата-энелерден кечирим сурап, күнөөсүн моюнуна алды.

Кечке маал үйдө отурсам, милициялар келип калышты. Мен арызга эч кандай дооматым жок деп жаздым. Себеби ал мугалимди түрмөгө отургузуу оюмда жок, беш баласы бар, өзү жаш мугалим. Бирок ал туура эмес кылды деп эсептейм. Эгер кызымдыкы туура эмес болсо, мени мектепке чакырып сүйлөшсө болмок", - дейт ал.

Ошондой эле ал кызы ооруканага жеткирилгенге чейин жолдон эки жолу кусуп, тырышып калганын айтат. Анын айтымында, учурда сабалган кыз ооруканада.

"Видеону азыр дагы толугу менен көрө элекмин. Бирок ага карата жазылган пикирлерди окуп чыктым. Ата-энесине наалат, кызын туура эмес тарбиялаган деген өңдүү терс пикирлер жазылыптыр. Чындыгында кызым, андан башка дагы төрт балам мектепте жакшы окушат. Адамдардын окуяны түшүнбөй эле терс пикирлерди жазгандарына капа болдум", - деп кошумчалады ал.

Сузактагы сабалган кыздын апасы окуя боюнча үн катты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан