Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады. Президенттин администрациясынан Токаев Казакстанга учуп кеткенин кабарлашты.
Сапардын алкагында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду.
Өлкө лидерлери чакан жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, кыргыз-казак көп кырдуу кызматташтыгынын абалын жана мындан ары чыңдоо келечегин олуттуу талкуулашты, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.
Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюшту, анын ичинде эки мамлекеттин президенттеринин биргелешкен билдирүүсү.
Андан соң Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун видеоконференц байланыш форматындагы пленардык жыйыны болду. Жыйынга катышкан Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко ЕАЭБ алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланыштуу суроолорго жооп беришти.
Ошондой эле Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев чогуу казак акыны Абай Кунанбай уулунун эстелигин жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачышты.
Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев жана казак делегациясы 26-майда Бишкекке келген.