Садыр Жапаров: "Ички рыноктогу тоскоолдуктар биздин мамилени бузат"

Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматындагы жыйынына катышты. Анда өлкө башчы ички рыноктогу тоскоолдуктар 7 жылдан бери эң актуалдуу темалардын бири бойдон калып жатканын билдирди.

"Ички рыноктогу тоскоолдуктар акыркы 7 жылдагы жолугушууларыбыздын эң актуалдуу темаларынын бири бойдон калууда. Көп учурда тоскоолдуктар биздин мамилебизди бузуп, Биримдиктин терс имиджин жаратат. Мен мындайга жол берүүгө болбойт деп эсептейм.

Түшүнүктүү болуш үчүн мен бир эле мисал менен бөлүшкүм келет. 2021-жылы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Орусияга айыл чарба продукциясын жеткирүүнүн ылдамдыгы боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы.

Бул изилдөө көрсөткөндөй, үчүнчү өлкөлөрдөн Орусияга бир нече бажы постторунан өткөн товарларды жеткирүү ылдамдыгы Кыргызстандан келген товарларга караганда кыйла тез жана арзаныраак. Ошол эле учурда ЕАЭБдин ички чек араларында бажы көзөмөлү алынып салынган.

Бул жерде бизде экономикабызды өнүктүрүүнүн эбегейсиз зор жашыруун ресурстары жана резервдери бар, мен жогоруда белгилегендей, биз аларды өз өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ишке ашырууга тийишпиз", - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан