Ырчы Гүлнур Асанова: "Мага куру доомат коё беришсин, бирок энемди, эжемди тынч коюшсун"
Бир күндөн бери ырчы, дастанчы, актриса Гүлнур Асанова социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан сынга алынууда. Анын сынга кабылуусуна Фейсбук баракчасына жазган билдирүүсү себеп болгон. Дин жолуна түшкөн ырчы хадистердин бирин жеке баракчасына жазып калтырган.
Интернет колдонуучулар дароо эле реакция кылышып, Гүлнур Асанованы сынга алып киришти.
"Мен жазсам, Куран аятынан жана хадистен алып гана жазам. Өзүмдүн оюмдан токуп жазганга акым дагы жок! Акылым, жан дүйнөм ага жол бербейт. Мен эки нерсе жөнүндө Куран аятынан жана хадистен алып жаздым. Биринчиси, ойноштук, зынаа. Экиничиси, ушак чыгарган адам жөнүндө. Муну жазуумдун себеби - далили жок ушак чыгарып, бирөөгө доомат коюп жаткандарга карата жазылган.
Ал эми менин сөзүм кылып, сунуш киргизди дегендерге жол болсун. Алар өздөрүнүн деңгээлин гана көрсөтүп жатышат. Куран барактарын барактап, хадис китептерин бетин ачпаганын далилдеп коюшту. Менин атымды жазып, куру доомат коё беришсин, бирок энемди, эжемди тынч коюшсун. Бул өтө эле аша чапкандык!
Мага зулум кылгандардын баарын Аллахка салдым", - дейт ырчы менен байланышканыбызда.
кошулду


Бирөөгө даават үйрөткөндү коюп Гулнур кыз өзүнүн жашоосун тыңдап алсын. Биринчи өзүнүн кебетесин карап алсын
Башына оронуп, чүмкөнүп алгандар кыздар эмнеси менен бактылуу болуп кетишиптир. Диний жомокторго ишенип.
Азыр молдолор, эркектер өздөрү ойноштук кылып, аялын измена кылып жүрүшөт. Демек молдолорду, эркектерди да ташбараңга алыш керекпи.
Канча деген динбаштар үй бүлөсүн, ата-энесин тыңыраак карай албай жатып, даават деп көрүнгөн жерди кыдырып жүрүшөт. Бул адепсиз, акылга сыйбаган нерсе.
Адамдарды өлтүргүлө, таш бараңга алгыла деген "кылмыштуу, ыймансыз диндин" өзү жаман.
Менин кызым чачын оруп журот.Хадистен алынса биз деле коруп турабыз..
Курандан цитата келтируу учун диний сабаттуу болуу керек эн азынан. Мына ушуга окшогондор ислам динин жаман корсотуп жатышат, динди бурмалап тушундуруп.
Чөмчтөп чачып жатасыңар шоу бизнес өкүлдөрү.
Татыктуу нерселерди реклама кылбай,арзан сапатсыз шылуундардын кылтагын илине турган нерселерди жарыялап.
Куранды жатка билсеңер,чечмелеп бере алсаңар анан айтсаңар болот.
Чала молдо дин бузар болуп,эрте менен багымдат намазын окуп,бешимге чейин эле даваат айтып чыга калбай.Өзүңөр эле тынч окуп,динге баш ийип жашай бергилечи.