Комитет конституциялык соттун судьясы Жедигер Саалаевди кызматынан бошотуу сунушун жактырды

Конституциялык соттун судьясы Жедигер Саалаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашат.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 31-майда конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Жедигер Саалаевди кызматтан алуу маселесин карады.

Анда президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмазбек Абытов судья Жедигер Саалаевдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотууну сунуштады. Комитет Саалаевди Конституциялык сотунун судьясы кызматынан бошотуу жөнүндө сунушту жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан