Бишкек шаарында Mercedes Benz Sprinter жүк ташуучу унааны айдап качууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 19-май күнү милицияга борбор калаанын тургуну К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү саат 16:00дө Калык Акиев көчөсүндө Mercedes Benz Sprinter унаасын уурдап кетишкендигин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 211-беренеси (автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган.
Кармалган жаран СИЗО-1ге киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында уурдалган унаа арыз ээсине кайтарылып берилди.