"Президенттин, өкмөттүн ою жакшы, бирок алдындагылар... ". Балбак Түлөбаев жергиликтүү бийликтин ишин сынга алды

Депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйында кесиптеши Адахан Мадумаровду колдоду. Тагыраагы, ал жергиликтүү бийлик иштебей жатканын, баары Жогорку Кеңешке маселесин айтып келип жатканын белгиледи.

"Маселенин баарын угуп отурсаң аткаруу бийлигинин иши экен. Жергиликтүү бийлик, аткаруу бийлиги иштебей калды. Кээ бир жерде иштеп жатат. Өзгөндүн Жапалак-Таш айыл өкмөтүндө жакшы эле иштеп жаткан айыл өкмөттү алып таштап, ордуна бирөөнү коюп чатак чыкты. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү аны мыйзамсыз алып таштаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрине Жети-Өгүздө сел жүрөрүн, алдын алууну айтканбыз. Министрлик реакция кылган жок. Айрым министрликтер дүлөй болуп калды. Элдин мүдөөсүн аткарбай калды. Президенттин, өкмөттүн ою жакшы, баарын кылып жатат, бирок алдындагылар саботаж кылып жатат", - дейт эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан