Тажикстанда өтө начар шартта камакта отурган кыргыздарды бошотууга эл аралык деңгээлдеги элчи тартылды

Буга чейин Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында 11 Кыргыз жараны кармалган. Аларды кармоо шарттары өтө эле начар экенин Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов билдирди.

Депутат акыйкатчы Атыр Абдырахматовага кармалган кыргыздардын укугун коргоону жеке көзөмөлүнө алууну суранды.

Атыр Абдырахматова камакка алынган жарандарды бошотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын, бул ишке эл аралык деңгээлдеги элчи ортомчу болгонун белгиледи.

"Буга чейин Тажикстандын акыйкатчысына кат жөнөтүлгөн. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө тажик тарап тиешелүү чараларды көрбөй жатат. Мындан улам Европа бирлигинин элчисине кат жөнөтүп, биздин жарандарды мекенге кайтаруу боюнча маселени чечүүгө көмөк берүүсүн сурандым. Эл аралык деңгээлдеги элчини ортомчу кылганымдын себеби жарандарыбызды кармоодо эл аралык стандарттар дагы бузулган. Ошондой эле аларга тиешелүү мамиле жасалбай жатат. Биз кармалгандардын туугандары менен байланыштабыз", - деди акыйкатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан