Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында "Алтын балалык" реабилитациялык борбору ачылды. Аталган иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров жана саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышууда.
Өлкө башчынын айтымында, борбордо - ортопедиялык, кардиологиялык, аллергологиялык, пульмонологиялык, хирургиялык жана неврологиялык оорулары бар балдарга реабилитациялык жардам көрсөтүлүүчү бөлүмдөр жайгашкан.
"Комплекстин долбооруна ылайык, бир эле мезгилде 400 балага чейин апалары менен бирге жатып дарылана алышат. Муну менен катар балдардын эс алуусу, коомчулукта балдарды чоңдордун жашоосуна калыптандыруу, балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн ачуу жана башкаларга багытталган иш-чаралар да өткөрүлөт", - деп кошумчалады өлкө башчы.
Андан соң Садыр Жапаров көчөт отургузуу аземине катышты.