Улуттук банктын кызматкерлеринин болжолдуу айлыгы айтылды. Тагыраагы бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Улуттук банктын кызматкерлерине айлык берүү үчүн канча сумма керектелерине кызыкты.
Анда банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев былтыркы жылы 600 миллион сомдой каражат бөлүнгөнүн билдирди. Аталган мекеменин өзүндө эле 700дөй кызматкер иштейт.
"Ошондо ар бир кызматкердин бир айлык маянасы болжол менен 100 миң сом экен да?", - деди депутат.
Улуттук банктын төрагасы 100 миң сомдон ашарын белгиледи.
"Мен түшүнөм, президент иштеп, айлыкты, жөлөк пулду көтөрүп жатат. Сиздердин айлык маянаңыздарды ким бекитет? Айлыгыңыздар бир желмогуздукундай да", - деди ал.
Ошондой эле Кундузбек Сулайманов бардык жерде үнөмдөө болуп жатса, банк кызматкерлеринин мындай жогорку айлык алганына уяларын билдирди.