Өлкөнүн айрым мектептеринде бүтүрүүчүлөр акыркы коңгуроо салтанатына 20 миң сомдон акча чогултууда. Бул туурасында бүгүн, 2-июнда парламент жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков айтып чыкты.
Айтымында, билдирүүлөр ата-энелерден келип түшкөн.
"Мага маалыматтар келди, ата-энелер кайрылып жатышат. Бүтүрүүчүлөр 20 миң сомдон чогултуп, кече уюштуруп, кортеждерди жалдап көчөлөрдө майрамдайбыз деп жатыптыр. "Жаштык - жиндиликтин бир бутагы" деген жакшы сөз бар. Ушундай шаан-шөкөттөн бир балээлер чыгып кетчү эле. Билим берүү жана илим, Ички иштер министрликтерине абалды жакшылап көзөмөлгө алууну тапшыралы.
Балким, бүтүрүүчүлөр мага таарынып жаткандыр. Бирок көрүп жаткан болсоңор балдарым, кыздарым, силерге жакшылык каалайбыз. Ушундай кечелерден көп кырсыктар болгон. Бир катаны эки жолу кайталабайлы. Азыр нааразы болгону менен убагы келгенде түшүнүшөт", - деди депутат.