Дастанбек Жумабеков жайлоого жетпей жолдо калып калган чабандарга тик учак менен жардам жеткирүүнү демилгеледи

Жаз, жай мезгилинде жайлоолорго калың кар жаап, чабандар, малчылар зыян тартууда. Аларга тийиштүү мамлекеттик кызматтар жардамга барышсын дейт Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйынында.

"Ысык-Көлдөгү малчылардан көптөгөн кайрылуулар келди. Анда 10 миңге жакын кой, андан тышкары уй, жылкыларды жайлоого алып чыгышкан экен. Анын баары жергиликтүү тургундардын малы. Жарым метрдей кар жаап жайлоого жетчү жолдор жабылып, чөп жок, суу жок мал-жандык кырыла баштады дешти.

Азыр 21-кылым, тик учактарыбыз деле бар. Тез арада жерине жардам жибербесек абал курчуп кетет. Эл ансыз да кыйынчылыкта жашап жатат", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан