Актёр Арнис Кыдырмышев менен актриса Альбина Имашова тун кызын турмушка узатат. Кечээ, 1-июнда түгөйлөрдүн кызы, актриса Мадалена Абдырахманованын сүйүктүүсү баш кошуу сунушун жасады.
Болочок күйөө баласын тасма талаасынан көрүп жүргөнүн айткан Альбина Имашова буларга токтолду.
"Ушинтип эле кайната, кайнене болуп калабызбы деп нес болдук. Кызыбыздын колун сураган Нуркул Адылбековду таанычубуз, тасма талаасында жолугуп калчу элек. Бирок экөөнүн сүйлөшүп жүргөнүн билген эмеспиз. 4 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүптүр.
Албетте, кызыбыз жаш, бирок экөөнүн сезимдерин сыйлап макул болдук. Анткени Арнис экөөбүз дагы жаш эле баш кошконбуз. Буюрса, жакында той тууралуу сүйлөшүүлөр болот", - деди ал.
Мадалена Абдырахманова ата-энесинин жолун жолдоп, кыргыз ырчыларынын бир катар клиптерине тартылып, тасмада роль ойноп келет. Ал эми Нуркул Адылбеков КВНде ойногон, учурда тасмаларда образ жаратат.