Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин сессиясында Камчыбек Ташиев өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу сакталып жатканын, баалар арзан экенин айтты.
Парламент жыйынында депутат Адахан Мадумаров аткезчилик боюнча маселени көтөрүп, эки айылдын ортосуна коюлган посттор тууралуу айтты.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эки айылдын ортосуна пост коюлганын ырастап буларга токтолду.
"Лейлек районунан чыккан депутаттар жакшы билесиздер, Развилка, Кольцо деген жер бар, бардык жолдор ошол жерден чыгат. Мындан улам пост койгонбуз, көзөмөлдөп турабыз. Анткени ар бир жашыруун жолго бирден киши коё албайбыз.
Мамлекеттик кампадан алынып чыккан, айыл өкмөттөн тиешелүү маалымкаты бар жүктөр тоскоолдуксуз өтүп жатат. Бүгүнкү күндө ташылып жаткан жер семирткичтер аткезчилик болуп эсептелет. Ушуну түшүндүрө албай койдум.
Биздин мамлекетибизде азык-түлүктүн баасы арзан болуп, башка өлкөдө кымбат болсо ошондо контрабанда болот. Дагы да айтам, биздин өлкөдө азык-түлүктүн баасы арзан. Ошондуктан башка өлкөгө ташылып жатат. Эгерде башка мамлекеттерде арзан болгондо бизге контрабанда болуп келмек. Бүгүнкү бааны сактап калуу үчүн посттор коюлуп жатат", - деп белгиледи Ташиев.