Бүгүн, 2-июнда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кетти.
Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаровго: "Мамлекет үчүн бир дагы жакшы сөз айта албайсың";
Адахан Мадумаров: "Мына ушул жерде айтып жатасыз, бүт бардык контрабандага "крышовать" этет деп. "Крыша" болуп аткандардын бардыгын четинен кама. Мен кол чабам";
Камчыбек Ташиев: "Сени кошуп камайбыз";
Адахан Мадумаров: "Колдон келбейт, колдон келген ишти айткылачы";
Камчыбек Ташиев: "Көрөбүз колдон келбегенин. Төңкөрүш кылардын алдында өзүң жок болосуң";
Адахан Мадумаров: "Мен төңкөрүш кылам деп Ак үйдөн секирген эмесмин. Мен Конституциядан чыккан эмесмин. Төңкөрүштү силер кылгансыңар, силер жооп бересиңер":
Камчыбек Ташиев: "Сен дагы жооп бересиң!".