Мирлан Самыйкожо Камчыбек Ташиевге: "Колуңду сындырып коём", "Жонуңа жүктөп кел" жана башка дей бересиз"

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айрым сөздөрү коомдо туура эмес кабыл алынып жатканын айтты.

"Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинетинин ортосунда тиреш пайда болгондой. Мунун кесепети жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн бизге жасаган мамилесинен байкалууда. Бир эле мисал, Кочкордун акими менин өкүлчүлүгүмдү ары түртүп, бери түртүп камсыздай албай жатат.

Дагы бир кесепети, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сиз баарын бетке айталы деп жатпайсызбы. Туура, бетке айтышалы, жакшы болот, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн. Сиз дайыма келгенде Жогорку Кеңештин мүчөлөрүн урушасыз "Колуңду сындырам!", "Жонуңа жүктөп кел!", "Токтоткула!" жана башка деген сайын элге таасир болот экен. Бул эми сиздин мүнөзүңүздүр, айта турган кебиңиздир. Бирок эл "Ташиев Жогорку Кеңешти талкалап кетти" дей берет экен. Жогорку Кеңеш урушсаңыздар башыбызды чүмкөп отура бере турган органбызбы же максатыбызды, оюбузду айта турган органбызбы.

Бүгүн аппаратта СМС-билдирүүлөр тарады, "бардык депутаттар ордуңарга келгиле, отургула, Камчыбек Кыдыршаевич келет" деп мокочо көрсөтүп жатат", - деди депутат.

Ал арада УКМКнын төрагасы: "Мага көрсөтүп коём" деп жатса эмне деп айтышым керек? Дагы бир жолу айтам, мага көрсөткүчтүн колун сындырып коём", - деди ал. Ошондой эле ал депутаттарга айткандары коркутуу эместигин, бетке айтып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан