"Кыргыздын ишенген генералы". Депутат кесиптештерин УКМКнын төрагасын сындай бербөөгө чакырды

Парламент жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу кесиптештерин УКМКнын төрагасын сынга эле ала бербей, аткарып жаткан иштерине баа берүүгө чакырды.

"Камчыбек Кыдыршаевич кыргыз элинин ишенген генералы. Бул жерде отургандардын үчтөн бири ушул кишинин артынан өсүп келе жаткан саясатчылар. Анан сиздер дагы Камчыбек Ташиевге ишенип алып бутуңуздар сынып калбасын.

Депутаттарга айтаарым, бюджеттен бир сом кетирбей 20дай райондук, шаардык бөлүмдөрүн нөлдөн баштап куруп, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөргөнүн, коопсуздукту камсыздардап "Байрактарды" алып келгенин эмнеге айтпайсыздар. Карап отурсам, баятан бери сынга өтө баштадыңар. Айтыла турган дагы көп сөздөр бар", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан