Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди спецназ кармап кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, министрди бүгүн, 2-июнда Бишкектеги министрликтин имаратынан спецназ кармап кеткен.
Министрдин өзү менен байланышууга азырынча мүмкүн болбой жатат.
Алымкадыр Бейшеналиевди кайсы иш боюнча кармап кеткени белгисиз.