Чек ара кызматы: "Тажикстан миномёт колдонду, ок атышуу уланууда"

Бүгүн, 3-июнда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, коңшу тарап ок атууну улантууда.

Маалыматка ылайык, Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарышкан.

"Мындан улам эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда ок атышуу башталып, тажик тарап миномёт колдонду. Азыркы саатка алынган маалымат боюнча, кыргыз чек арачылары арасында жабыркагандар жок.

Абалды турукташтыруу үчүн жерине УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Төлөнбаев жана чек ара отрядынын командири Миршакиров барышты.

Саат 13:00гө карата ок атышуу уланууда. Учурда Мамлекеттик чек ара кызматы абалды жөнгө салуу боюнча аракеттерди көрүүдө, ошол эле учурда тажик тарапты ок атууну токтотууга чакырат", - дешет маалымат кызматынан.

Мекемеден буга чейин телефон аркылуу сүйлөшүүдө ок атышууну токтотуу макулдашулганына карабастан Тажикстандын чек арачылары аракеттерин токтотпогонун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан