ЭЛДИК КАБАР: Ак-Суу районунун тургуну: "Бир малчыдан эле 48 баш бодо мал өлдү. Ал эми койлордун саны белгисиз"

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное айылынын тургуну кайрылды.

Тургундун айтымында, аталган айылда малды жайлоого эрте кетиргендин жыйынтыгында мал кырылып жатат.

"Быйыл малчылардын бардыгын жайлоого эрте эле чыгарышты. Мына эми жыйынтыгында кар жаап, мал чөп жок, тоңуп өлдү. Бир малчыдан эле 48 баш торпок өлдү. Ал эми койлордун саны белгисиз. Карапайым элдин малы аким, губернатордун шалаакылыгынан өлдү", - дейт тургун.

Видео 3-июнда тартылган.

Белгилей кетсек, 29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан бир нече аймакта кар көчкү жана жер көчкү жүрүп, Ысык-Көл облусунун бир нече райондорунда жолдор жабылып, байланыш каттамдары үзүлгөн. Мындан улам жайлоого чыккан малчыларда тоют көйгөйү пайда болуп, миңдеген мал-жандыктары өлгөн.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан