Илон Маск Teslа'нын кызматкерлерин жумуштан кетирерин айткандан кийин байлыгы 17 миллиард долларга төмөндөдү

Америкалык Tesla компаниясынын акциясы 9 пайызга түштү, ал эми анын негиздөөчүсү Илон Масктын кирешеси дээрлик 17 миллиард долларга төмөндөдү. Бул тууралуу Forbes басылмасына шилтеме келтирүү менен чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка ылайык, мындай абал Илон Маск Tesla компаниясынын кызматкерлерин кыскартуу чечимин кабыл алгандан кийин болгон. Ага ылайык, Илон Маск жумуш ордун 10 пайызга кыскартуу тууралуу билдирүү жасаган, бул 10 000 кызматкерди кыскартуу дегендик.

Бүгүнкү күндө Илон Масктын байлыгы 216 миллиард 800 миллион долларды түзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан