Бишкек шаарындагы Ынтымак-2 сейил багынын айланасында скейтпарк ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалым болгондой, скейтпарктын ачылышына Октябрь районунун акими Азамат Дороев, спорттун экстремалдык түрлөрү федерациясынын өкүлү жана шаардыктар катышты.
Мэриядан белгилешкендей, скейтпарктын курулушун демөөрчүлөр каржылаган.