Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Бүгүн, 6-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алуу боюнча жалпы элдик референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Садыр Жапаров кыргыз тарап бир катар эл аралык байкоочулар миссияларынын (ШКУ, КМШ ПАА, ЖККУ ПА) курамында референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө катышып, Казакстандын мындан аркы өнүгүүсүн аныктоодо тарыхый учурга күбө болгонун белгиледи.

Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, казак эли тагдыр чечүүчү чечим кабыл алганын белгиледи. Казакстандын президенти конституциялык реформанын негизги максаттары жана милдеттери тууралуу кыскача айтты.

Ошондой эле өлкө лидерлери Касым-Жомарт Токаевдин 26-майда Кыргыз мамлекетине болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар эки мамлекеттин жана элдин ортосундагы жакшы коңшулаштыкты жана бир туугандыкты чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан