20 жаштагы жоокердин сабалышы: ӨКМ окуя боюнча билдирүү таратты

Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганын жакындары айтып чыгышкан. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен комментарий беришти.

"Бекзат Эсенбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. 1-июндагы кечки текшерүү учурунда анын бутунда шишик пайда болгону аныкталган. Аны Беловодское айылындагы ооруканага алып барышкан. Ал жерден керектүү текшерүүдөн өткөн соң республикалык ооруканага жөнөтүлгөн. Жоокер №4 шаардык ооруканага жаткарылган. 5-июнда ага операция жасалып, табарсыгы жарылганы аныкталган.

Жакындарынын айтканы боюнча тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүздүк. Тиешелүү билдирмелер Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү. Мындан тышкары ички иликтөө жүргүзүлдү. Буга чейин эле аскер бөлүктөрдө ушундай көрүнүштөр байкалгандыктан жетекчи иштен четтетилген болчу. Ал жердеги бардык тиешеси бар адам иштен убактылуу четтетилди.

Учурда жоокердин абалы оор. Дарылануусун улантууда. Тээп жиберген баланын ата-энеси дагы тиешелүү жардамын көрсөтүүдө", - деди өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов.

Мындан тышкары аталган иш Аскер прокуратурасы тарабынан иликтенип жатканын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан