Депутат: "Тажикстан аскердик оор техникаларын тартып, бизди коркутуп жатат"

Депутат Султанбай Айжигитов тажиктер Баткендеги Кык жайлоосуна ачык көз салып жатканын билдирди. Бул туурасында ал бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Эки-үч күн мурда тажиктер кайра максаттуу түрдө провокация кылышты. Биздин чектерди миномёттер менен атышты. Анысы аз келгенсип аскердик оор техникаларын тартып, бизди коркутуп жатышат. Баткен районунда Кык деген жайлоо бар. Жайлоодогу Булак-Башы деген кичинекей айылда 5-6 эле үй-бүлө жашайт. Тажиктер ошол жерде айыл болбосун, эч ким жашабасын деп үйлөрдү күйгүзүп салышууда. Бул тажиктердин Кык жайлоосуна ачык эле көз салып жатканынын белгиси.

Коңшу өлкөнүн анклавдагы аскердик техникаларын чыгартуу керек. Эл аралык тажрыйба боюнча анклавдарда аскердик оор техникаларды тартууга, кармоого эч кимдин укук жок", - деди эл өкүлү.

Маалымат үчүн: Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, миномёт колдонууга өтүшкөн.

Кийинчерээк Тажикстан чек ара тилкесине аскердик оор техникаларын тартышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан