Армияда кызмат өтөп жүргөн жоокерлер айрым учурларда түнү менен сабалат. Бул тууралуу Беловодское айылындагы аскердик бөлүктө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери тарабынан сабалган Бекзат Эсенбеков билдирди.
Анын айтымында аскердик бөлүктө иштеген прапорщик сабалганы тууралуу эч кимге айтпа деп коркуткан.
"Эки күндүн биринде эмес болсо дагы, жума сайын ушундай сабоолор болуп турчу. Бизди өздөрүнүн ырахаты үчүн сабашчу. Мени денеңдеги көк алаларды үйүңдөгүлөргө көрсөтпө деп, пневмония деген жалган диагноз кылып, ушул жакка жаткырып коюшту. Бияктан дарыгерлер көрүп, сабалганымды аныкташты.
Мага коркутуулар болду. Ооруканага дагы бир Бейшеналиев деген прапорщик келди. Ал "сени урса айт, айтпайсыңбы" деп үйдөгүлөрдүн көзүнчө айтып, алар чыгып кеткенден кийин "айтсаң тигиндей кылам, мындай кылам, баары бир келесиң" деген сөздөрдү айтты.
Бизди уктатышчу эмес. Кечки саат 10дон таңкы 3, 4кө чейин кыйнап, сабашчу. Сүлгүнү суулап урчу, анткенде дене көгөрбөйт экен да. Бул ӨКМда эле болуп жаткан нерсе, калганын айта албайм", - деди сабалган жоокер.
Ошондой эле ал бул окуяга тиешелүү кызматкерлердин баары жазаланышы керектигин айтты.