реклама
super.kg logo

Сузакта мугалими урган кыздын үй-бүлөсү: Атасы төшөктө жатат, апасы 2-топтогу майып

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалимден токмок жеген кыздын үй-бүлөсү, жашоо-шарты тууралуу "Адилет" укук коргоо уюму маалымат берди. Уюмдун маалыматына ылайык, окуучунун апасы ден соолугун мүмкүнчүлүгү чектелген, атасы да төшөктө жатат.

Маалыматка караганда, кыздын атасы 55 жашта, 3 жылдан бери төшөктө жатат. Ал эки жолу инсульт болгон. Ал эми апасы 48 жашта, кант диабети менен жабыркайт, 2-топтогу майып. Кыздын атасы 5 миң сом пенсия, апасы 2800 сом пенсия алат. Бул акча ден соолугун караганга өп-чап гана жетет.

"Үй-бүлө 2010-жылы башынан оор кайгыны өткөргөн. Алар Орусияда иштеп жүргөндө 17 жаштагы кызы асынып алган. Ал эми 2015-жылы 18 жаштагы уулу Орусиядагы жол кырсыкта көз жумган. Алардын жалпы 8 баласы болгон", - деп айтылат маалыматта.

Өспүрүм кыз мугалимден токмок жеген күнү үйүнө кызарып, бир сөйкөсү жок барган. Кийинчерээк апасы мугалим кызына кол көтөргөнүн билген соң эжей менен сүйлөшкөн. Мугалим кармана албай калганын айтып, кыздын апасынан кечирим сураган. Ал мындай кадамына жакында эле апасын жоготкону себеп болгонун айткан. Эки милиция кызматкери барып, кыз апасы менен милиция бөлүмүнө барышкан. Ал мугалимге эч кандай доосу жок экенин жазып берген. Жолдо кыз 2 жолу кусуп жибергендиктен ооруканага жаткырылган.

"Башка мугалимдерден коркутуулар боло баштаган. Алар анын балдарын мектептен чыгарып саларын айтышкан. Ал эми кызынын кылыгына айып пул жазыларын да билдиришкен. Алар кызды ооруканага жаткырып, мугалимден акча алгысы келип жатат дешкен.

Аталган мектептин директору Даткайым Нуралиева үй-бүлөнүн балдары жакшы окушарын айтып, бул окуя нес кылганын билдирген. Ал эми мугалим тийиштүү талаптарга жооп берерин, бирок тажрыйбасы аз экенин, анын 2019-жылдан баштап эле иштей баштаганын билдирген.

Мындан 5 ай мурда ата-энелердин биринен мугалимдин туура эмес жүрүм-туруму боюнча арыз түшкөн. Бирок эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес. Атын ачыктагысы келбеген кесиптештеринин бири окуучу кызды токмоктогон мугалимди жеңил мүнөздүү экенин белгилеген", - дешет уюмдан.

Ал эми акыйкатчы Атыр Абдрахматова мугалимден токмок жеген кыз коомчулуктун гана эмес, айрым мамлекеттик органдардын жетекчилеринин да сынына кабылганын белгилеген.

Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБи жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирген. Кийинчерээк мектеп директору кол көтөргөн мугалим иштен алынарын SUPER.KG порталына айткан. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзөрүн кабарлаган. Комиссия чечим чыгарып, ага ылайык, мугалимди иштен кетирүү буйругу жокко чыгарылган.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
08.06.2022. 17:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
232
Катталган:
16-08-2011
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:17
Жынысы:
Белгисиз
+13
Күнөө эки жакта тең бар. Окуяны коомчулукка кайра кайра чыгара бербей өз ара чечишип чекит койгула. Коомчулуктун оң жана терс комментарийлери да ошол окуяга катышкан адамдардын өзүнө чоң моралдык басым, стресс алып келет.
08.06.2022. 17:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
568
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
08-06-2022 17:31
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акыйкатчынын башка кылаарга иши жокбу. Ушундай боору ооруп атса социалдуу онуктуруу министр бар ошого кат жолдосун. Причём тут мугалим. Кыздын тили 15 карыш болуп атса.
08.06.2022. 18:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
717
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:43
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888,Ата энесине асылып «сволочтор», десе аяп коюш керекпи? Мугалим мугалимдик этиканы билбесе, педагогикалык уставты бмлбесе ага окуучу куноолобу?
Datka7777 түзөттү 2022-06-08 19:00:17
09.06.2022. 16:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
24-06-2022 20:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Datka7777,ал Бир ай курсту окуган тажаал аял, мугали м эмес
08.06.2022. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
225
Катталган:
29-10-2020
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:24
Жынысы:
Белгисиз
+4
кайра кайра айтып эзилдинер го, башка жумуш жокпу ыя???
08.06.2022. 18:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
801
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
07-07-2022 09:09
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми дагы 5жыл обсуждение кыласынарбы? Болду да эми! Кыздын тарбиясыздыгын тушундук,мугалимдин тажрыйбасыздыгын тушундук,кыздын ата-энеси акча ондуро албай убара экенин билдик,дагы эмне и калды?
08.06.2022. 19:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1182
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
07-07-2022 13:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечке ушу жанылык,солдаттарды атып,уруп майып калса да эчтеке дешпейтго акыйкатчылар?Уруш эки алакандан чыгат,мугалимдин укугун ким коргойт?Эми буларга уй алып берип борбордон,частный школго киргизип койсун бир жолу бул акыйткачысы.
08.06.2022. 21:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
717
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
JaneEr,мугалим мугалимдей болуш керек Ата энесине асылбай!
08.06.2022. 21:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
510
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
07-07-2022 13:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
JaneEr,Озундун баланды сабаганда корот элек.Откоол курактагы балдарды туура тушунуш керек.Кыз баланы да ошондой сабайбы?
09.06.2022. 02:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
06-07-2022 21:32
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш инвалиддин кызы турбайбы, эгерде чоңдун кызы болгондо наборот өзүнүн кызын урмак экен да мүгалим. Бул жерде мугалимде күнөө, өзүнүн кызына болушуп богундай кыз менен айтышып уруп атат.Мүгалимдик бир да касиети жок эжей экен. Милициялар кай жакты карашты экен, кызына болушуп экөөлөп жатпайбы, тем боле инвалиддердин кызы экен. А эмнеге башка мугалимдер коркутат кет деп, запись кылып алса болмок, эми жазсын кыздын апасы аларга.
09.06.2022. 15:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
265
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
+2
Ошо коркуткан мугалимдерди да ачыктасын кайсы мугалим экенин, тооба озу тууган кызын ура бербейби ушинтип, тем более бойго жеткен кыз классташтарынын козунчо.
Мугалимдер уй булолук проблемаларын уйуно таштап келиш керек, мектепке келип окуучулардан чыгарбай, бизде да кээ бир мугалимдер бар эле нервный, балдарды урганда озун токтото албай калат эле шакеги менен башына уруп биз анда болгону 3чу класс элек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192821;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: