Актёр, маданияттын мыкты кызматкери Нуржаасын Жумагулов учурда жардамга муктаж. Ал бөйрөгүнөн жабыркап жатканы өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Актёрдун айтымында, бүгүнкү күндө эки бөйрөгү тең жабыркаган.
"Эки жылдан бери бөйрөк оорусу менен күрөшүп келгем. Бирок дарылануулардан натыйжа болбой, илдет жеңип кетти. Азыр эки бөйрөгүм тең жабыркаган. Чет өлкөдөн бир бөйрөгүм алмаштырылат. Учурда чет өлкөлүк клиникалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деди ал.
Нуржаасын Жумагулов театр жана кино актёру, "Мегатой", "Жетикс", "Миң бир түн" жана башка тасмаларда роль ойногон. Ал Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси. Маданияттын мыкты кызматкери.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
* 0709372919 - ЭЛСОМ
* 0709372919 - О! Деньги
* 0709372919 - МБанк