Жогорку Кеңештин буга чейинки жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көз кысканын көбү түшүнбөй калган. Мындай пикирин парламентте депутат Акбөкөн Таштанбеков билдирди.
"Буга чейинки жыйында генерал Камчыбек Ташиевдин көз кысканын ушул жерде отургандардын көбү түшүнбөй калды окшойт. УКМКнын төрагасы финансы министрине, энергетиктерге "мобу Акбөкөндүн акчасын берип койгула" деп көз кыскан. Алар түшүнбөй калды окшойт. Мен анда үч маселени көтөргөм: бала бакча, мектеп жана айыл өкмөтүнө мамыларды коюу боюнча. Мен өз каражатымдан мамыларды сатып алып, коюп койгулачы деп суранып жатсам, вице-премьердин тапшырмасы деп мага "Түндүк электр" ишканасынан келишим алып келиптир. "61 миң сомго 27 мамыны коюп беребиз, бул биздин ишибиз эмес" дейт... Бул менин да ишим эмес, мен мыйзам чыгарам. Бирок мен, сен дебей мамы коюп бердик. Жардамчым 15 миң сомго коюп келди. Буларда бет жок, ошол үчүн суранарым, Мадумаровдун колун сындырардын алдында "61 миң сомго коюп беребиз" дегендерди мамынын ордуна көмүп койгулачы. "Түндүк электр" ишканасы кран эле берип койсунчу дейт", - деди эл өкүлү.