
"Ала-Тоо" аквапаркында болгон
каргашалуу окуядан кийин аталган аквапарктын жактоочусу
Кайсын Абакиров комментарий берди. Бул тууралуу жактоочу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ага ылайык, аквапарктын администрациясы жана жамааты 6-июнда бассейндеги сууга түшүп жатып, кырсыктап каза болгон окуучу Атайдын ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
"Учурда бул окуя боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Видео көзөмөл камераларындагы маалыматтарды тергөөчүлөргө толугу менен өткөрүп бердик. Бишкек мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги жана ИИМ тарабынан атайын комиссия өз ишин баштады.
Тилекке каршы, учурда социалдык тармактарда бул кырсыктын чын-төгүнүн билип-билбей жазган адамдар көбөйүп, коомчулукка туура эмес маалыматтарды тараткан жагдай жаралууда.
Өз кезегинде биз моюнубузга жүктөлгөн жоопкерчиликтен качпайбыз жана тергөө менен кызматташууга даяр экендигибизди белгилейбиз", - деп жазган ал.
Ошондой эле каза болгон окуучунун жакындарына моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүлгөнү жана мындан ары колдоо болору кошумчаланган.
Маалымат үчүн:
6-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип
каза болгон. Окуя боюнча шаардык мэрия комиссия
түзгөн. Каргашалуу окуядан кийин мектептин завучу жана 6 мугалими иштен алынды. Ошондой эле мектеп директоруна да коопсуздук чараларын, балдардын укугу менен саламаттыгын көзөмөлдөбөгөнү үчүн чара көрүү каралды. Комиссия аныктагандай, аквапаркка жалпысынан 232 окуучу, 9 мугалим жана 9 ата-эне барган.