Президент: "Мага сын айтып, тилдеп жаткандарды сотко бербейм, кечирим суратпайм"

Би-Би-Синин башкы кабарчысы президент Садыр Жапаровдон жазуу жүзүндө суроолорун жолдоп, жооп алды. Анда мамлекет башчыга "дарегиңизге карата байма-бай айтылып жаткан жүйөлөр, сындар канчалык орундуу деп ойлосуз?" деген суроо берилди.

Садыр Жапаров сын айтып, тилдегендерди жаман көрбөй турганын, кечирим суратпай турганын айтат.

"Биринчиден, сөз эркиндигине эркиндик беришибиз керек. Экинчиден, мен өлкө башчысы болгондон кийин баарын бирдей көрүшүм керек. Үй-бүлөдө деле он балаң болсо бир-экөө начар чыгат. Анан аларды кодулап, бөлүп таштай албайсың да. Баарын бирдей жакшы көрөсүң. Мага сын айтып жаткандарды, тилдеп жаткандарды жаман көрбөйм. Сотко бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коюп жатам. Бирок чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет. Чектен чыкпаш керек. Жүз пайыз элдин баарына жакпайсың. Жасалып жаткан иштерди бири туура түшүнөт, бири тескери түшүнөт. Бири көрүп айтат, бири көрбөй айтат. Жакшы иштерди көрүп турса дагы көргүсү келбеген адамдар бар. 10-20 пайыз адамдарга жакпайсың. Ал эми мени колдоп, такка отургузган 80 пайыз шайлоочуларыма айтаарым, эч кам санабагыла. Мен баш көтөрбөй жакшы иштерди жасай берем. “Жөжөнү күздө санайбыз”. “Жөжө санаар” мезгил келгенде эч качан силерди жер каратпайм", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан