Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасын карып калды дегенден алыс экенин билдирди

Президент Садыр Жапаров Би-Би-Синин башкы кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып Акылбек Жапаровду карылардын катарына кошпой турганын белгиледи.

Өлкө башчыга: "Коомдо "айлана-чөйрөңүздү тазалаңыз, жаштарды кызматка алып келиңиз" деген сыяктуу сунуштар айтылып жатат. "Тазалаңыз" дегенде кимдер жөнүндө сөз болуп жатат деп ойлойсуз?", - деген суроо берилди.

Садыр Жапаров: - Мен “мейли кимдин убагында иштебесин, мурда кандай кемчиликтери болбосун, ага көз жумабыз, эң негизгиси мындан ары мамлекет үчүн, эл үчүн иштеп берсе болду” деп башынан эле айтып келе жатпаймынбы. Анткени бизде кадрдык таңкыстык бар. Ошол үчүн Акаевден баштап Жээнбековго чейин иштеген бирин-экин күчтүү кадрлар бар. Менимче ошолорду айтып жатса керек. Биз ар бир министрдин, губернатор менен акимдердин жана администрацияда иштеген кызматкерлердин кандай иштеп жатканын байкап турабыз. Потенциалы бар кадрларды кетирбей кармап жүрөбүз. Аларды кетирип, ордуна тилинен чаң чыккан жаштарды дагы коюп көрбөдүкпү. Тилекке каршы, тилинен чаң чыкканы менен өкмөттүк ишти тартып кете алышпайт экен. Жаштар десек, өкмөттүн курамында 50 пайыздан ашыгы жаштар. Бийликте жалаң эски кадрлар, жашы улгайгандар дегенди мен деле угуп калып жатам. Эми так фактылар менен карап көрөлү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров карып калды дегенден алысмын. Күчкө, тажырыйбага толуп, иштей турган мезгили. Орун басарлары деле жаш эле. Бакыт Төрөбаев, Эдил Байсалов. Юстиция министри Аяз Баетов 37 жашта, маданият министри Азамат Жаманкулов 35 жашта, санариптик өнүгүү министри Талант Иманов 36да, экономика жана коммерция министри Данияр Иманалиев 39 жашта, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев 32де. Президенттик администрациянын жооптуу бөлүм жетекчилери дагы жаш балдар-кыздар. Кырдаалдык борбордун жетекчиси Азамат Жанузаков 35 жашта, башкармалык башчысынын орун басары Мирбек Кожоев 39 жашта. Президенттин чечимдеринин аткарылышын контролдоо бөлүм башчысы Азамат Осмонов 36да. Жаш менен бирге тажрыйба дегенди да унутпайлы. Андыктан, бул маселеде учурда кандайдыр бир көйгөйлөр бар дегенден алысмын. Албетте, бир аз кемчиликтер бар. Жипке тизгендей дегенден алысмын. Бирок көч бара-бара түзөлөт. Түздөйбүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан