Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды

Бүгүн, 9-июнда Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.

Маалым болгондой, кырсык саат 18:00 чамаларында катталган. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып жол чыракта токтоп турган Фольксваген Венто автоунаасын сүзүп алган.

"Чүй облусунун Кең-Булуң айылынын тургуну 1984-жылы туулган А.У. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатып, Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайынын бурулушунан рулга ээ боло албай светофордо токтоп турган Бишкек шаарынын тургуну 1993-жылы туулган О.К.нун башкаруусунда Фольксваген Венто автоунаасын сүзүп алган.

Натыйжада Фольксваген Венто автоунаасынын айдоочусу 2 жүргүнчүсү менен райондук ооруканага жаткырылды", - дешти башкармалыктан.

Учурда Ысык-Көл РИИБде тергөө иштери жүрүүдө, унаалар айып аянтчасына жеткирилди.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан