Футбол боюнча Эквадор курама командасы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат. Мындай маалымат ФИФАнын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ФИФА уюму Чилинин берген арызын карап чыгып, аны четке каккан.
Чили улуттук курама командасынын юристи Эдуардо Карлеццо Эквадордун коргоочусу Байрон Кастильо колумбиялык экендиги тууралуу далили бар экенин билдирген. Ошондуктан ал Эквадор курамасында ойноого укугу жок болчу. Юрист Кастильонун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тапкан. Анда ал 1998-жылы ноябрда Эквадордо эмес, Колумбиянын Тумако шаарында төрөлгөндүгү аныкталган.
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу быйыл, 21-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтөт.