Кыргызстанга АКШдан тил үйрөткөнү 12 ыктыярчы келди

Бүгүн, 13-июнда АКШдан өлкөгө "Тынчтык корпусунан" 12 ыктыярчы келди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыктыярчылар алдыдагы эки жылда Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы орто мектептерде англис тили мугалимдеринин деңгээлин жогорулатуу жана окуучуларга англис тилин үйрөтүү менен алектенишет.

"Ыктыярчылар мугалимдердин жана окуучулардын кесиптик билимдерине маалыматтык технологияларды интеграциялоого, окутуунун натыйжалуу ыкмалары жөнүндө маалымат алмашууга, ресурстук окутуу борборлорун түзүүдө же кеңейтүүдө мектептерге жана жергиликтүү жамааттарга жардам көрсөтөт. Буга кошумча окуу программаларын жана инновациялык окуу-методикалык материалдарын иштеп чыгууга көмөктөшөт.

Алгачкы үч айда ыктыярчылар окутуудан өтүшөт. Ыктыярчыларды даярдоо өзүнө кыргыз тилин үйрөнүүнү, англис тилин чет тили катары окутуу методикасы боюнча көндүмдөрдү өркүндөтүүнү жана жергиликтүү мугалимдер менен биргелешип окутуу көндүмдөрүн өздөштүрүүнү, маданияттар аралык компетенттүүлүктү жогорулатууну камтыйт", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан