Акыркы учурда диабет дарты менен жабыркаган адамдардын саны көбөйүп жатканы өкүнүчтүү. Дарыгерлердин айтымында, алардын кээ бирлери ооруга чалдыкканын билбей жүрө бериши толук мүмкүн. Аталган дарттын алдын алуу жолу, алгачкы белгилери тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эндокринологиялык борбордун эндокринологу жана Бишкек шаарынын башкы эндокринологу Назгүл Абылова SUPER.KG порталына айтып берди.
Кант диабети уйку бездердин сезгенишинен пайда болот. Уйку бездеринин куйрукча жагында бетоклетка дегендер бар, уйку без сезгенгенде, бетоклеткалар жабыркап шишийт. Бетоклеткалар жок калганда инсулин иштелип чыкпай калып кант диабети пайда болот. Диабет жүрөк, көз, бөйрөк жана колу-буттарга чейин таасир этип, коркунучтуу жагдайларды жаратат. Диабеттин 90 пайызы тукум кууйт.
Кант диабети 2 типке бөлүнөт.
Инсулинге көз каранды тип менен кичинекей балдар, өспүрүмдөр көп ооруйт. Ал эми 2-тобу менен көпчүлүгү 40 жаштан жогору курактагылар жабыркайт.
Кант диабетинин экинчи түрү
Диабеттин экинчи түрү менен жапа чеккендерде инсулин бар. Бирок ашыкча салмактуулуктун айынан инсулинди дене сезбей калат. Алар дары-дармек менен дарыланышат. Диабеттин 2-түрү менен ооруган адамдар жашоо образын өзгөртүшү керек. Туура тамактанып, көп кыймылдап, арыктап. Бирок алардын арасынан деле инсулинге өтүшү мүмкүн.
Алгачкы белгилери
Кант диабетинин 1-түрүндө белгилери болот. Себеби инсулин бөлүнүп чыкпайт. Суусайт, арыктоо, бат-баттан заара ушатуу, суусоо. Мындай тип менен жабыркагандар дароо эле "Тез жардам" кызматы менен ооруканага түшөт.
Диабеттин 2-түрү менен ооругандар башында эч кандай белгилер болбошу ыктымал. Капыстан башка оору менен бейтапканага барып текшерүүдөн өтүп жатып билинип калышы мүмкүн. Кандагы (глюкозанын) канттын өлчөмү 4-5 эсе чоң болсо, ошондо суусап, арыктап же алсыздык болот. Кээ бир адамдарда канттын өлчөмү 15-20 миллимол болсо деле эч кандай белги болбой калат. Бул өтө кооптуу жагдай.
Кант диабетинин келип чыгуусуна өбөлгө болгон коркунуч факторлору:
- ашыкча салмак же семирүү;
- кыймыл-аракеттеги активдүүлүктүн төмөндүгү;
- канда холестерин жана май курамынын жогорулашы;
- артериялдык гипертензия жана жүрөктүн башка оорулары;
- диабетке тарткан тукум куучулук;
- 45 жаштан жогору курактагылар.
Кант диабети менен кимдер көп оорушат?
Чоң кишилер - көбүнчө 45 жаштан жогоркулар (бардык оорулардын 90 пайызы), 15 жашка чейинки балдар-бардык оорулардын 5 пайызы.
Кант диабетин дарылоого болобу?
Заманбап медицина ыкмалары канттын деңгээлин ар убак нормага жакын кармап турууга мүмкүнчүлүк берет.
Кант диабети менен жабыркаган жарандар дарыгердин көзөмөлүндө турат. Учурда глюкометр деген аппараттар бар. Кандагы (глюкозанын) канттын деңгээлин күн сайын 2-3 жолу текшерип туруш керек. Бир айда бир жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп туруу зарыл.
Алдын алуу жолдору:
Тамак-аштарды колдонуу:
Азыркы учурда диабет боюнча катуу диета жок. Рационалдуу, ченеми менен баарын жей берсе болот. Эске алуу зарыл:
Кандай жеңилдиктер каралган?
Кант диабети менен ооругандар ооруканада бекер дарылана алышат. Эң негизги дары-дармектерди Мамлекеттик камсыздандыруу фонду тарабынан мерчемделген пайыз менен арзан баада ала алышат. Бир жылда кандын деңгээлин текшере турган 4 тест-полосканы акысыз алышат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө 1980-жылдан 2014-жылга чейин 422 миллион адам кант диабети менен катталган.