Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Бердик айылынын 7 жаштагы тургуну Исхак Турсунбеков тез арада операция жасатууга муктаж. Анын атасы Жакыпбек Апыкеев уулунун дарылануусуна каражат жетпей жатканын айтып, кайрымдуу элден жардам сурады.
Анын айтымына караганда, учурда уулу химиятерапия алып жатат.
"Исхак балам азыр 7 жашта. Улуттук онкология жана дематология борборунун кичинекей балдар бөлүмүнө 5 жашында курч лимфобластикалык лейкоз менен жатып калдык. Бир жыл дарыланып, айыгып чыкканбыз. Анда 3 ай сайын келип текшерилип турасыңар деп айтышкан. Быйыл апрель айында кайра оорусу козголуп ооруканага жаттык. Коштогон оорусу көрүү нервинин атрофиясы. Азыр оң көзү көрбөй калды. Дарыгерлер жилик чучугун алмаштырыш (пересадка костного мозга) керек деп жатышат. Бул Индияда, Түркияда жасалат экен. Операцияга көп суммадагы каражат, атап айтканда 80 миң доллар керек болуп турат.
Бизге азыркы кезде 6 миң доллардай каражат топтодук. Учурда балам ооруканада жатат. Кайрымдуу элден жардам сурайм. 100-200 сомдон болсо дагы каражат топтолуп калса...", - деп билдирди Апыкеев.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Демир Банк: 4215890115134212
Оптима Банк: 4169585359222493
РСК Банк: 1290337910000012
Сбер Банк: 4276400095575081
О Деньги: 0706231385
Баланс.кж: 0773227041
Mega Pay: 0555139493
Элсом: 0707139493
Атасы: Жакыпбек Апыкеев 0706231385
Апасы: Мээрим Турдалиева 0707139493