Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы экинчи жолу катары менен Азия Кубогунун финалдык баскычына чыкты.
"Ак шумкарлардын" эки беттештеги жеңиши жана Палестина - Филиппин оюнунун жыйынтыгы (4:0) аркасында биздин тайпадагы эки команда Азия Кубогуна жолдомону камсыздады.
Тажикстан өз тарыхында биринчи жолу турнирдин финалдык баскычында ойнойт.
Бүгүнкү Кыргызстан - Тажикстан беттеши "F" тайпасынын жеңүүчүсүн гана аныктайт.
Азия Кубогу 2023-жылдын 16-июнунан 16-июлуна чейин өтөт. Турнир Кытайда өтөт деп белгиленген. Бирок, 2022-жылдын май айында өлкө COVID-19 эпидемиясынан улам турнирди өткөрүүдөн баш тарткан.