Жогорку Кеңештин бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитети кумар оюндары боюнча мыйзам долбоорун кароону күн тартибинен алып салышты. Буга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жыйынга катышпаганы себеп болду.
Депутат Камила Талиева мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырууну сунуштаган. Ал долбоордун демилгечилеринин бири Акылбек Жапаровдун жыйынга катышпаганы менен байланыштырган.
"Ал демилгечи катары бул маселелерди кароого катышуусу керек болчу. Эмне үчүн вице-премьерлердин бири да жок? Алар өздөрү келишсин, анткени демилгечилер өздөрү. Эмнеге элден коркушат, эфирге чыгыш керек. Аны күн тартибинен таптакыр алып салалы", - деди ал.
Жыйында добуш берүүнүн негизинде мыйзам долбоорун кароо күн тартибинен алынды.