Ооруканада каза болгон саясий серепчи Марат Казакпаев ага карата кыйноо болбогонун айткан. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Мен ал киши менен жеке өзүм барып жолуккам. Өзүнчө, эч кимдин катышуусу жок маектешкенбиз. "Кыйноолор болуп жатабы? Уруп-сабоо болгон жокпу?" десем "Жок, басым болгон жок" деди. Жолдошу көзүнө лампа такаганын айтып жатат мен аны дагы сурадым. "Көзүңүзгө лампа такады деп жатышат, ошондой болдубу?" десем "Жок" деди. Кайра-кайра сурадым.
Ал кишинин арызданганы эки гана нерсе болду. Болгону жанагы СИЗО-1ге которулушу, экинчиси ден соолугуна медициналык жардам керектиги. Быйылкы биздин кайрылуубуздун аркасынан ал киши текшерүүдөн өткөрүлдү, ооруканага жаткырылды. Андан кийинки кайрылуубуз, тилекке каршы, жыйынтыкка жетпей калды", - деди Бакыт Рысбеков.
Белгилей кетсек, 9-июнда Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилип, комага түшкөн. Серепчи 10-июнда №1 шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Ага геморрагиялык инсульт деген диагноз коюлган.
Маалымат үчүн: 2021-жылы 13-апрелде УКМК тарабынан мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар деген далилдердин негизинде 2 жаран кармалган. Кийин кармалган жарандардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени белгилүү болуп, ал 14-июнга чейин камакка алынган.